super.kg logo

Европада жана АКШда балдар табышмактуу боор оорусунан жапа чегип жатканы айтылды

 
Европада жана АКШда балдар табышмактуу оорудан жапа чегишүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, АКШнын жана бир катар Европа өлкөлөрүнүн саламаттыкты сактоо органдары балдардын боор оорусунун сырдуу учурларын иликтеп жатышат. Алар адатта сасык тумоого себеп болгон вирус менен байланышы бар деп болжолдонууда. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, учурда Улуу Британияда инфекцияны жуктургандардын саны көбөйүп, балдардын боорунун сезгениши менен коштолгон, теги белгисиз гепатит менен ооруган 74 учур катталды. Бейтаптардын бири да каза болгон жок, бирок алтоо боорун алмаштырууга муктаж.
Ал эми АКШда буга чейин катталган 9 учур иликтенип жатат. Алардын баары Алабама штатында катталган. Бир жаштан алты жашка чейинки балдар ооруп, экөө боорун алмаштырууга муктаж.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму мындай табышмактуу ооруну биринчи жолу ушул жылдын апрель айынын башында билдирген. Балдарда сарык, ич өткөк жана ичтин оорушу сыяктуу жалпы симптомдор болгон.
Шотландияда боор оорусунан жабыркаган 10го жакын бала ооруканага жаткырылганы белгилүү болду. Бирөө январь айында, дагы тогузу март айында ооруп калган. Алар ооруканага жеткирилгенден кийин бардык бейтаптарга гепатит деген диагноз коюлган. Ушундай эле оору менен Испанияда 3 учур, Ирландияда төрт учур иликтенип жатат.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму азырынча бул сырдуу ооруга байланыштуу эч кандай маалымат жарыялай элек. Бирок уюм инфекциянын жаңы учурларын тыкыр көзөмөлгө алып, оорунун мүмкүн болуучу себептерин деталдуу иликтөөгө аракет кылууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: