Чүйдө толугу менен күйүп кеткен турак үйдөн бир адамдын жансыз денеси табылды
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда турак үй толугу менен күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрт чыккан үйдөн бир адамдын жансыз денеси табылды.
Белгилүү болгондой, Нооруз дачасында жалпы аянты 52 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн.
"Өрттөнгөн үйдөн эркек кишинин жансыз денеси табылды. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлдү. Учурда өрттүн себеби жана каза болгон жарандын аты-жөнү такталууда", - дешти министрликтен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.