super.kg logo
  Саясат  

"Майып" деген сөздүн ордуна эми "мүмкүнчүлүгү чектелген" деген сөз колдонулат

 
  Бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып, парламенттин кароосуна жиберилгенин ЖКнын басма сөз кызматы маалымдайт. Аталган мыйзам долбоорун коргогон өлкөнүн Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султановдун айтымында, эгер талкуудагы мыйзам долбоору кабыл алынып кала турган болсо, «майып» деген сөз – «мүмкүнчүлүгү чектелген», «карыгандар» деген сөз – «улгайгандар» деген сөздөр менен алмаштырылат. Жыйынтыгында «Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору комитет тарабынан жактырылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: