Азия чемпиондугу: Эки кыргыз балбаны коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Кимдер?
Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда эки кыргыз балбаны коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Азия чемпиондугуна 130 килограмм салмакта катышкан Роман Ким жана 87 килограмм салмакта катышкан Мелис Айтбеков алгачкы атаандаштарына жеңилип калган. Бирок алардын атаандаштары финалга чыккандыгына байланыштуу эки кыргыз балбаны коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Коло байге үчүн беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.