super.kg logo
  Спорт  

"Жоламан Олимпиадада жеңген". Тынар Шаршенбековдун финалдагы атаандашы ким?

 

Бүгүн, 19-апрелде Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугу старт алды.

Азия чемпиондугуна 63 килограмм салмакта катышкан Тынар Шаршенбеков өтө кооз ыкмаларды жасоо менен финалга чыкты.

Финалда кыргыз балбаны коңшу казакстандык Мейрамбек Айнагулов менен кез келет. Мындан улам атаандаштын жетишкен ийгиликтерин карап көрдүк.

Мейрамбек Айнагулов 1994-жылы 17-февралда Актөбө облусунда туулган. Күрөш менен 2003-жылдан бери алектенип келет. Анын эң көзгө көрүнүктүү жыйынтыгы 2017-жылы Париж шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш байге уткан. Ошондой эле 2019-жылы Нур-Султанда өткөн Дүйнө чемпиондугунда коло байгеге ээ болгон.

Азия чемпиондугунда эки жолу коло байге утса ("Бангкок-2016"), ("Бишкек-2018"), бир жолу күмүш байге уткан ("Нью-Дели-2017").

Мейрамбек Айнагулов Токио шаарында өткөн Олимпиада оюндарына катышкан. Анда ал алгачкы жүрүшүндө эле кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков менен кез келип, 8:0 эсебинде жеңилип калган.

Тынар Шаршенбеков Жоламан Шаршенбековдун бир тууган агасы.

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө старт алат.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: