Баткенде кургак учук борборунан качып чыккан бейтап каналга боюн таштады

Баткенде 44 жаштагы киши медициналык борбордон качып чыгып, каналга боюн таштаган. Куткаруучулар бейтаптын жансыз денесин табышканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашат.
Маалым болгондой, бүгүн, 19-апрелде Баткен шаарындагы облустук кургак учук менен күрөшүү борборунан 44 жаштагы жаран (мас абалында) качып чыккан. Куткаруучуларга бейтап Батырканов атындагы каналга өзүн таштагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
"Айтылган дарекке 12 куткаруучу тартылып, сууга аккан жарандын жансыз денесин алып чыгышып, бир туугандарына өткөрүп беришти", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.