super.kg logo

Elite House'тан үзгүлтүксүз жашылдандыруу акциясы - "Бишкек, дем ал"!

 

"Көчөттү сактасаң, жан сактайсың", – элдик даанышмандык.

Жыл сайын абанын булганышы күчөп, коомду кайдыгер калтырбай жатат. Шаарды активдүү жашылдандыруу жана жаңы сейил бактарын жашылдандыруу бул маселени чечүүгө өбөлгө болот.

Elite House курулуш компаниясы социалдык багыттагы бизнести жүргүзүп, коомдун көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган иш-чараларды үзгүлтүксүз демилгелеп келет. Компания өлкөдөгү курулуш тармагында лидерлердин бири болуп, шаардын өнүгүшүнө салым кошууну да унутпайт. Өткөн дем алыш күндөрү Elite House ар жыл өткөрүлүп келе жаткан "Бишкек, дем ал" аттуу көрктөндүрүү боюнча эко-акцияга катышты.

"Үзгүлтүксүздүк жана туруктуулук принциптеринин жетекчилиги алдында биз ар дайым Бишкек шаарынын өнүгүшүнө салым кошуп келебиз. Келечек муундарыбызга таза жана кооз шаар мурас кылып беребиз деген чоң ишенимибиз бар", – деп Elite House компаниясынын башкы директору Руслан Нармедов белгилеп кетип, жарандардын эко-акцияга кошулуусуна үндөп кетти. Кытай элинин макалында айтылгандай: "Бак отургузуу үчүн эң жакшы убакыт жыйырма жыл мурун болгон. Ошол убакта ишке ашпаса, анда азыр эң ылайыктуу учур". Демек, ар бир жарандын Elite House компаниясынан үлгү алып өз активдүүлүгүн көрсөтүүгө убакыт келди.

Бул жылы жашылдандыруу үчүн Бишкек шаарынын "Ынтымак" сейил багы тандап алынган. Бак отургузуу иш-чарасына Elite House компаниясынын кызматкерлеринен тышкары, Бишкек шаардык мэриясынын "Шаардык сейил бактар" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү жана жумушчулары катышты. Өз кезегинде "Шаардык сейил бак" муниципалдык ишканасынын директору Кусогонов Чингиз белгилегендей, Elite House курулуш компаниясы бир нече жыл катары менен шаар жана шаардыктар үчүн чоң салымын кошуп келүүдө. Ал компаниянын демилгеси жана колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип кетти.

Elite House курулуш компаниясы жарандык активдүүлүгүн көрсөтүп, экологиябызды жакшыртууга өз салымын кошкон "Бишкек, дем ал" эко-акциясынын бардык катышуучуларына ыраазычылыгын билдирет.

Elite House жайлуу жана жашыл Бишкек үчүн!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: