super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров расмий сапар менен Азербайжанга учуп кетти

 

Бүгүн, 19-апрелде президент Садыр Жапаров Азербайжандын Баку шаарына расмий сапар менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сапардын алкагында мамлекет башчы Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жергиликтүү ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат. Саясий, экономикалык, маданий жана башка тармактарда эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат, ошондой эле бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында:

  • президенттин жубайы Айгүл Жапарова;
  • тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;
  • Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кайрат Осмоналиев;
  • айыл-чарба министри Аскарбек Джаныбеков;
  • санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов;
  • транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев;
  • экономика министри Данияр Амангельдиев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: