super.kg logo

Кабулда мектептеги жардыруудан 6 адам каза болуп, ондон ашуун киши жаракат алды

 

Ооганстандын Кабул шаарынын батыш тарабында жайгашкан мектепте орун алган жардыруулардан 6 адам каза болуп, 10дон ашык адам жаракат алды.

Дүйнөлүк басылмалардын жазганына караганда, жардыруу Даште-Барчи районундагы эркек балдар окуган Абдул Рахим Шахид атындагы орто мектебинин аймагында болгон.

Жараат алгандардын арасында мектеп окуучулары бар. Бирок алардын так саны белгисиз. Азырынча жардырууга эч ким жоопкерчилик ала электиги жазылат маалыматта.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кабул шаарындагы Абдул Рахим Шахид орто мектебинин окуучуларынын арасында адам курмандыктарына алып келген террордук актыга байланыштуу көнүл айтты.

"Министрлик курман болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгылуу менен көңүл айтат жана ыйык Рамазан айында жасалган бул адамгерчиликсиз теракттардан жабыркагандардын баарына тез арада сакайып кетишин каалайт", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: