super.kg logo
  Саясат  

Телерадио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков куттуктады

 
Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков телерадио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. "Урматтуу телерадио кызматкерлери! Сиздерди Жогорку Кеңештин депутаттарынын атынан кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Телекөрсөтүү менен радиоуктуруунун өлкө турмушунда, анын коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, маданий-руханий жактан өнүгүү жолунда ээлеген орду өзгөчө. Ушу тапта дүйнөнүн чар тарабына чапчаң маалымат жеткирген учурдун ургаал каражаты катары, анын мааниси улам артып барат. Азыркы заманды аларсыз элестетүү эч мүмкүн эмес.Парламенттик демократия шартында ачык-айкындуулук, сөз эркиндиги, маалымат алуу жана таркатуу укугу кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берүү менен бирге, жалпыга маалымдоо каражаттарынын алдына жооптуу милдеттерди, заманбап талаптарды коюуда. Ошондон улам мезгил менен тең кадам таштоо аракетиңерди ар дайым кубаттайбыз. Дал ушундай жаратман демилгеңиздерден жазбай, өткөөл кезеңде жаралып жаткан жакшы саамалыктарды, жаңы жөрөлгөлөрдү төгөрөктүн төрт бурчуна, анын ичинде кыргыз журтуна калыс жана чапчаң жеткирүү озуйпасын ийгиликтүү аркалай беришиңерге зор ишеним артабыз.Кыргызстанда жүрүп жаткан реформалардын жүрүшүн ырааттуу чагылдыруу аркылуу мамлекеттик бийлик бутактарынын иши менен калктын калың катмарын маалымдар кылып, алардын өз ара байланышын чыңдай беришиңерге тилектешмин. Баарыңыздарга чың ден соолук, чыгармачылык ийгилик каалайм!"- деп айтылат куттуктоодо.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: