super.kg logo

"Достошуп жүргөн". Кантта 16 жаштагы өспүрүм өзүнөн бир жаш кичүү кыз менен жыныстык катнашка барганга шектелүүдө

 

Чүйдүн Кант шаарында 15 жаштагы окуучу кыз кан тамырларын кескени кабарланды. Облустук ички иштер башкы башкармалыгы бул факты боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлайт.

Маалыматка караганда, 18-апрелде Ысык-Ата РИИБине жергиликтүү тургун кайрылган.

"Ал 24-февралда Алтынбек аттуу жаран 15 жаштагы кызы менен мейманканалардын биринде жыныстык катнашка барганын айтып, арыз жазган. Бул факты электрондук журналга катталып, алдын ала текшерүү башталган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө 15 жаштагы кыз суракка алынган. Ал жогоруда аталган бала менен 2021-жылы октябрь айында Телеграм аркылуу таанышып, достошуп жүргөнүн билдирген. 24-февралда саат 13:00дө ал бала кезектеги жолугушуу үчүн кызды мейманканалардын бирине чакырган. Анда кыздын алкоголдук ичимдик ичкенинен пайдаланып, жыныстык катнашка барганы маалым болгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан бул ишке шектелип Кант шаарынын 16 жаштагы К.А. аттуу тургуну аныкталды. Ал сурак учурунда жыныстык катнашка кыздын макулдугу менен барганын түшүндүргөн.

Учурда окуянын чоо-жайын тактоо боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Экспертизалар да дайындалды", - дешет маалымат кызматынан.

Башкармалыктан Ысык-Ата РИИБинин жетекчилиги бул фактыны изилдөөгө басым кылып жатат деген маалыматтарды четке кагышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: