super.kg logo
  Саясат  

Депутат Улан Бакасов Адахан Мадумаровду кагазга жазылган текстти окуп урушту (видео)

 

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов кесиптешине карата айткан сып-пикирин кагазга жазып алып окуганы талкууга алынды. Анда комитет жыйынында эл өкүлү Адахан Мадумаровго кайрылып, жашын сыйлап көп сөз айтпай жатканын белгилеп, кагазга жазып алган текстти окуду.

"Адахан Кимсанбаевич, биз сизди жашыңызды карап сыйлап жатабыз. Биз тарапка көп сын-пикир айтып жатасыз. Ар бир маселеге оюбуз, пикирибиз бар, эч кимдин ээрчимеси эмеспиз. Өткөндө бул маселеге каршы болгонбуз, долбоорду колдогонбуз. Өзүңүз угуп жатасыз, "ARIS`тен" башка эч ким кыла албайт деген үчүн колдоп жатабыз. Андан тышкары менин кесиптешиме жообун аласың деп жатасыз. Эч кандай жооп албайт. Биздин айткан сөздөргө эч кандай комментарий бербейсиз, берсеңиз өзүңүзгө тиешелүү сөздөрдү угасыз. Мындан кийин акыл айтканды токтотуңуз", - деди ал.

Ал арада Адахан Мадумаров бир дагы депутаттын атын, фамилиясын атабаганын, Жогорку Кеңештин позициясын билдирип жатканын билдирди.

"Шымыңарды чечип, башыңарга кийип алгыла" дегенди өзүңөргө албагыла. Эгерде бул сөздү өзүңөргө алсаңар, анда ошолордун бир тууганы болушуңар мүмкүн. Өкмөткө айткан сөзгө тызылдап кетсеңер ордуңарды алмаштыргыла да трибунага чыккыла", - дейт Мадумаров.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 12 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: