super.kg logo
  Саясат  

Бакыт Төрөбаев экспортко багытталган жана IT ишканалар тармагынын өкүлдөрү менен жолугушту

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев экспортко багытталган жана IT ишканалар тармагынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Биздин жолугушуунун максаты – көйгөйлүү маселелерди талкуулоо жана аларды чечүү жолдорун издөө. Министрлер Кабинети “жашыл”, креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө, санариптештирүүгө багыт алды. Биз үчүн экспортту өнүктүрүү, өнөр жайды чыңдоо маанилүү. Алдыга коюлган амбициялуу максаттарга жетүү үчүн биз сиздер менен тыгыз кызматташууга умтулабыз», - деди Бакыт Төрөбаев.

Кеңешменин жүрүшүндө «Лейлек» жана «Бишкек» эркин экономикалык аймактарын өнүктүрүү маселелери, бөтөлкөдөгү сууну маркировкалоо, жер казынасын пайдалануу укугуна жана жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдардын ставкасын төмөндөтүү, эл аралык логистика, жеңил өнөр жайды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди. Атап айтканда, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Экономика жана коммерция министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жана жүк ташуучулар ассоциациялары менен биргеликте эл аралык каттамдардагы логистикалык шарттарды жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуусу жана президенттин администрациясына сунуш киргизүүсү тапшырылды.

Экономика жана коммерция министрлигине Wildberries маркетплейсте ата мекендик жеткирүүчүлөрдүн катталуусун жана толук кандуу ишин калыбына келтирүү маселесин, ошондой эле Кыргызстанга келүүчү IT адистерди каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды.

Тиешелүү мамлекеттик органдарга «Лейлек» ЭЭА инфраструктуралык маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүсү тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: