Кыргызстанда 14,67 миллион гектар аянт аңчылык кылуу үчүн пайдаланылат
Бишкекте 27-ноябрдагы аң уулоо чарбасы
жана Кыргызстандын мергенчилеринин отурумунда Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой
чарба агенттигинин алдындагы Аңчылык департаментинин директорунун орун басары
Алмаз Мусаев “Кыргызстанда 14,67 миллион гектар аянт аңчылык
кылуу үчүн түзүлгөн” деп билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Алардын ичинен 7,7 миллион гектар
аянт мамлекеттик органдар тарабынан каралса, 6,97 миллион гектар аянт жеке
менчик жана коомдук бирикмелердин карамагында. Көрсөтүлгөн территорияда 3
мамлекеттик, 9 коомдук жана 52 аңчылык кылуучу топ иш алып барып, коруу,
биотехнология жана аң уулоо чарбасына байланыштуу иш-чараларды өткөрүшөт.
“Бул
аймактарда коруу ишин 236 адам аткарат. Алардын 99у департаменттин
кызматкерлери. Кыргызстандын 6 облусунда 8 аңчылардын жана балыкчылардын бирикмеси
иштейт”,- деди Мусаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

