super.kg logo

2020-жылкы бюджеттен 43 миллиард сомдук мыйзам бузуу болгон

 

2020-жылкы бюджеттен 43 миллиард сомдук мыйзам бузуу болгон. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.

Отурумда “Кыргыз Республикасынын 2020-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Анда Эсеп палатасы тарабынан 2020-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузуулар оңдолуп, бюджеттик мыйзамдарга ылайык келтирилгени тууралуу маалымат берилди.

Талкууда Бакыт Түлөбаев мыйзам бузуулардын көлөмүнө кызыкты.

Эсеп палатасынын аудитору Алимжан Байгазаков 2020-жылдагы текшерүүлөрдө көптөгөн жетишпестиктер аныкталганын белгилеп, анын жалпы көлөмү 43 миллиард сомдун тегерегинде болгонун айтты.

Ал эми депутат Нурлан Шакиев 43 миллиард сомдун канчасы калыбына келтирилгенин сурады.

“Текшерүү башталганда эле мыйзамдын өзү туура эмес экендигин жүйө келтирип, 19,7 миллиард сомун текшерүүдөн баш тартканбыз. Анткени биз мыйзамдын аткарылышын текшеребиз. Калган мыйзам бузуунун ичинен 4 миллиард 900 миллион сому гана калыбына келтириле элек. Бул боюнча Башкы прокуратурага кат жөнөтүлгөн”, – деди Алимжан Байгазаков.

Бирок Башкы прокуратуранын өкүлү аталган иштер боюнча толук маалымат бере алган жок. Жыйынтыгында депутаттардын сунушу менен мыйзам долбоору кайрадан комитеттин кароосуна жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: