super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан менен Азербайжандын мамлекеттер аралык кеңеши түзүлөт

 

Кыргызстан менен Азербайжандын мамлекеттер аралык кеңешин түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-апрелде расмий сапарынын алкагында президенти Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын мамлекеттер аралык кеңешин түзүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Документте “Кыргыз Республикасы жана Азербайжан Республикасы, эки мамлекеттин элдеринин ортосундагы достук салтына жана боордоштук мамилелерине негизделип, 1997-жылдын 23-апрелиндеги Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Достук жана кызматташтык жөнүндө келишимди жана 2012-жылдын 30-мартындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Азербайжан Республикасынын Президентинин биргелешкен билдирүүсүн жетекчиликке алып, артыкчылыктуу маселелерди натыйжалуу чечүү жана эки тараптуу өнөктөштүк мамилелерди сапаттуу жаңы деңгээлге чыгаруу максатында кыргыз-азербайжан кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүнү жана кеңейтүүнү кубаттап, өз ара пайдалуу кызматташтыктын саясий, экономикалык, гуманитардык жана башка жааттардагы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү чыңдоо максатында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

– мамлекет башчыларынын деңгээлинде Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын мамлекеттер аралык кеңешин түзүү;

– ушул Меморандумга тиркелген Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын Мамлекеттер аралык кеңеши жөнүндө жобону бекитүү”,- деп айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: