Жоламан Шаршенбеков Азия чемпиону болгондон кийин укмуштуудай сальто жасады (видео)
Бүгүн, 20-апрелде Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмакта Азия чемпиону аталды.
Финалда кыргыз балбаны ирандык 23 жаштагы Мехди Мохсен Нежадды 4:0 эсебинде жеңип алды.
Муну менен Жоламан Шаршенбеков карьерасында алгачкы ирет Азия чемпиону болду. Буга чейин ал Азия чемпиондугунда эки жолу күмүш байге уткан ("Бишкек-2018") жана "Нью-Дели-2020").
Күрөш федерациясы Жоламан Шаршенбековдун финалдан кийинки эмоциясы менен сальто айланган видеосун жарыялады. Видеодо көрүнгөндөй, Жоламан Шаршенбеков кооз сальто жасагандан кийин желекти алып, килемди айланып чуркаган.
Жоламан Шаршенбековдун жеңишинен кийинки сальтосу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.