Улан-Батор: Мээрим Жуманазарова казакстандык балбанды жеңди
Бүгүн, 21-апрелде Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери уланды.
Анда 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова казакстандык Мадина Бакбергенова аттуу балбан кыз менен кез келди.
Биринчи бөлүктө Мээрим Жуманазарова эки упай алды. Атаандашы коргонууда гана күрөштү.
Экинчи бөлүктө Бакбергенова активдүү күрөшпөгөнү үчүн кыргыз балбанына дагы бир упай берилди. Андан кийин Мээрим Жуманазарова атаандашын көтөрүп чаап дагы 2 упай алды.
Жыйынтыгында кыргыз балбаны 5:0 эсебинде жеңди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.