super.kg logo
  Спорт  

Улан-Батор: Айпери Медет кызы күчтүү делген балбанды жеңди

 

Бүгүн, 21-апрелде Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери кыз-келиндер күрөшү боюнча уланды.

Азия чемпиондугуна 76 килограмм салмакта катышкан Айпери Медет кызы алгачкы жүрүшүндө япониялык Юко Кагами аттуу балбан кыз менен кез келди.

Биринчи бөлүктө Айпери Медет кызы активдүү күрөшпөгөнү үчүн калыс япониялык балбанга 1 упай берди.

Экинчи бөлүктө атаандаш активдүү күрөшпөгөнү үчүн Айпери Медет кызына бир упай берилди. Андан кийин Айпери Медет кызы 2 упайлык ыкма жасап, андан пайдаланган япониялык балбан дагы 2 упай алды. Айпери Медет кызы дагы 4 упайлык ыкма жасады.

Юко Кагами кадеттер арасында Дүйнө жана Азия чемпиону, Азия чемпиону жана 2019-жылдагы Дүйнө Кубогунун жеңүүчүсү.

Жыйынтыгында Айпери Медет кызы 7:3 эсебинде жеңишке жетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: