super.kg logo
  Саясат  

Бангкокто массалык баш аламандыктар уланууда

 
Бангкоктогу массалык баш аламандыктар уланууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары билдирет.
Маалыматка караганда, бүгүн, 27-ноябрь күнү эртең менен митингге чыккандар Таиланддын Атайын иликтөө департаментин курчап алган. Буга байланыштуу департамент кызматкерлери имараттан чыгарылууга мажбур болушкан. 
Митингчилер өнөр жай, соода, эмгек министрликтеринин имараттарын да курчоого алышкан. Бирок бийлик аларга каршы күч колдонбостугун Таиланддын Улуттук коопсуздук кеңешинин төрагасы Парадорн Паттанатабут билдирди. Анын айтымында, кечээ, 26-ноябрь күнү сот каршылык акциясынын уюштуруучуларынын бири Сутеп Таугсубананы кармоого ордер бергендигин, ошондон улам анын мындан ары оппозиция өкүлдөрүн жетектөөгө укугу жок экендигин билдирди. 
Учурда Бангкок полициясы тарабынан Сутеп Таугсубана менен оппозиция өкүлдөрүн кармоо боюнча атайын операция даярдалып жатканы маалымдалууда.
Эскерте кетсек, Бангкоктогу нааразылык акциясы бир нече күн мурун башталып, премьер-министр Йинглак Чинаватка "коррупциялык иштерге байланышы бар" деген айып тагылып, ага импичмент жарыялоо демилгеси көтөрүлгөн.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстандын жарандарына Бангкоктогу абал турукташканча бул аймакка барбай туруусун өтүнөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: