super.kg logo

"Шектенүү жок болуп жатат". Кытай Boeing 737 учагы эмне себептен кулаганын таппай жатканын билдирди

 

Жарандык авиациясынын башкы башкармалыгы Кытайдын түштүгүндө China Eastern Airlines авиакомпаниясынын жүргүнчү ташыган Boeing 737 учагынын кыйроосунун себептери боюнча алдын ала отчётун жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Жарыяланган материалдарда кеме учуп кетердин алдында бардык керектүү техникалык текшерүүлөрдөн өткөнү жана учуу учурунда эч кандай кооптуу аба ырайынын көрүнүштөрү байкалбаганы айтылат.

Ошондой эле кыйраган учактын бортунда кооптуу деп айтылган жүк болгон эмес. Башкармалык Boeing 737 учагынын кармалган эки кара кутусуна олуттуу зыян келтирилгенин билдирген. Учурда маалыматтарды калыбына келтирүү иштери уланууда.

Муну менен кырсыктын себебинин алдын ала божомолдору дагы деле белгисиз бойдон калууда.

Эске салсак, март айында MU 5735 каттамы Кытайдын түштүк-батышындагы Юньнань провинциясындагы Куньмин Чаншуй аэропортунан учуп чыккан. Учак Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясынын Гуанчжоу шаарына бармак. Бирок учуу учурунда жердеги кызматтардын учак менен байланышы үзүлгөн.

Учакта 123 жүргүнчү жана тогуз экипаж мүчөсү болгон.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: