super.kg logo

Ошто төркүнүнө кеткен 22 жаштагы келиндин жансыз денеси табылды

 

Ош облусунун Кара-Суу районунун Ынтымак айылында 22 жаштагы келиндин жансыз денеси табылды. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, маркумдун сөөгү 20-апрелде эгин талаасынан табылган.

Бул факты боюнча алдын ала текшерүүдө каза болгон жаран Алай районунун тургуну, 2000-жылы туулган М. кызы А. экендиги аныкталды.

"Маркумдун жакындарынын айтымында, ал 14-апрелде жолдошунун үйүнөн ата-энесинин үйүнө барган. Ал төркүнүнө эч кандай көйгөйлөрүн айткан эмес. Денесинде эч кандай жаракаттар болгон эмес жана ошол эле күнү дайынсыз болуп жоголгон. Анын дайынсыз жоголгондугун жакын туугандары эч кимге айтып, арыз менен кайрылган эмес.

Учурда маркумдун эмне себептен каза болгондугун тактоо үчүн тийиштүү экспертизалар дайындалып, ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат", - дешти маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: