super.kg logo

Путин Шойгуга "Азовсталь" заводундагы аскерлерге дагы бир жолу багынып берүүнү сунушташы керектигин айтты (видео)

 

Орусиянын президенти Владимир Путин Коргоо министри Сергей Шойгудан Мариуполь шаарындагы "Азовсталь" заводундагы украин аскерлерине дагы бир жолу багынып берүүгө чакырууну суранды. Бул тууралуу Путин бүгүн, 21-апрелде Сергей Шойгу менен жолугушуу учурунда айтты.

Владимир Путин белгилегендей, Орусия багынып берген аскерлердин коопсуздугуна жана медициналык жардамга кепилдик берет.

"Дагы бир жолу куралын таштай электердин баарын багынып берүүгө чакыргыла. Орус тарап тиешелүү эл аралык укуктук актыларга ылайык алардын жашоосуна кепилдик берет. Жабыркагандардын бардыгына квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүлөт", - деди Путин.

Буга чейин Владимир Путин "Азовсталь" заводуна штурмду токтотуу керектигин айткан. Анын айтымында заводдогу жоокерлердин жана офицерлердин өмүрүн ойлош керек. Бирок Владимир Путин заводдун аймагын чымын учуп өтө албагыдай кылып тосуу керектигин айткан.

Сергей Шойгунун айтымында заводдун ичинде 2 миңдей жоокер кармалып турат.






Владимир Путин Коргоо министрине "Азовсталь" заводундагы аскерлерге дагы бир жолу багынып берүүнү сунуштоо керектигин айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: