super.kg logo

Чүйдө жеңил унаалар сүзүшүп, 2 Казак жараны мерт кетти

 

Чүйдө айланма жолдо жеңил унаалар сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен Казакстандын 2 жараны каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, дагы эки адам жаракат алды.

Маалым болгондой, жол кырсыгы Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунда катталган. Анда Tойота Авенсис жана Субару Аутбэк унаалары сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен Казакстандын 1953-жылы туулган Д.Л. (эркек) жана 1957-жылы туулган Д.С. (аял) аттуу жарандары каза болгон. Андан тышкары 1964-жылы туулган Д.Ф. жана 1999-жылы туулган Ш.Н. аттуу жарандар жаракат алышкан.

Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар жабыркагандарды Чүй райондук ооруканасына жеткиришкен. Жерине 4 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: