Маалыматка ылайык, кечээ, 21-апрелде мугалимдердин айлык акысын көбөйтүү, жумуш шарттарын жакшыртуу жана буга чейин камакка алынган кесиптештерин бошотуу талабы менен Ирандын борбору Тегеранда жана башка бир катар шаарларда митингдер өткөн.
Нааразылык акциясына чыккандар өкмөттөн билим берүү тармагында реформаларды жасоо керектигин айтып, талап кылышкан.
Айта кетсек, Иранда мындай талаптар айтылган нааразычылык акциялар соңку бир нече айдан бери уюштурулуп келүүдө.

Супер-Инфо
super.kg видео

Ирандын бир нече шаарында мугалимдердин катышуусунда нааразылык акциялары өтүп, 30га жакын мугалим кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.















