super.kg logo

"97 миң доллар алып, дагы 35 миң доллар сураган". Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору кармалды

 

Чүй облусунун Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору А.С.К. К.Ж.К. аттуу жарандан сот системасындагы маселени оң жагына чечип берүү үчүн 35 миң доллар талап кылганы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"А.С.К. буга чейин К.Ж.К. бул маселени чечүү үчүн 97 жарым миң АКШ доллар өлчөмүндө накталай акча каражатын алган. Андан соң сот системасынын жогорку кызмат адамдарына шилтеме жасап, дагы кошумча 35 миң доллар талап кылган", - деп билдиришти УКМКдан.

2022-жылдын 21-апрелинде А.С.К. опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалып, УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: