Бишкекте чыгаан шахмат чебери Эрнесто Инаркиевдин байгеси үчүн мелдеш өтөт
Үстүбүздөгү жылы 4-декабрда Чыңгыз Айтматов атындагы китепканада Кыргызстандан чыккан чыгаан шахмат чебери Эрнесто Инаркиевдин байгеси үчүн шахмат боюнча мелдеш уюшулат. Бул тууралуу КРнын шахмат федерациясы билдирет.
Маалыматка ылайык, бул мелдеш ушуну менен 4-ирет өткөрүлүп жатат. Башта ага үйрөнчүк шахматчылар катышып келсе, бул жолу өлкөнүн белгилүү шахмат чеберлери да ат салышат.
Белгилей кетсек, мелдештин жеңүүчүлөрү 10-декабрда аныкталып, тиешелүү сыйлыктарын алышат. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:31
2025-12-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















