super.kg logo

Бишкекте Хонда Одиссей унаасын ээсинен күч колдонуп тартып алып айдап кеткен жаран кармалды

 

Бишкекте авто унааны уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 2022-жылдын 9-апрелинде Ж.Г. аттуу жаран милицияга ошол эле күнү саат 16:10 чамасында белгисиз адамдар Бейшеналиев жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде Хонда-Одиссей үлгүсүндөгү унааны мыйзамсыз ээлеп алып, белгисиз тарапка качып кетишкенин билдирип арыз жазган.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин 1-бөлүмү (автотранспорт каражатын айдап качуу) менен кылмыш иши козголгон.

"Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 19-апрель күнү бул кылмышка шектелип 1997-жылы туулган С.Д аттуу жаран кармалган. Бишкек шаарынын Ленин райондук соту шектүүгө карата бир айга Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады", - деп жазылат билдирүүдө.

Ал эми уурдалган унаа Чүй облусунун аймагынан табылган.

Учурда кылмышка шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: