super.kg logo

Бишкекте Coca-Cola Memorial Forest багы ачылды

 


Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кампусунда Coca-Cola Memorial Forest багы ачылды. 20 сотых жерге бир ай аралыгында 400 түп дарак отургузулат. Кийинки жылы компания үчүн бөлүнгөн жерге дагы көчөттөр тигилет.

Келечекте аталган бак бардык эс алуучулар үчүн жеткиликтүү болот. Бул туурасында Coca-Cola Кыргызстан компаниясынын коомчулук жана өкмөт менен байланыш бөлүмүн менеджери Александра Аккирман тарабынан белгилүү болду.

“Биринчиден, биз Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун дарак отургузуу демилгесин колдоого алып, шаарды жашылдандырууда өзүбүздүн көмөгүбүздү көрсөтүүнү чечтик.

Ал эми көчөттөрдү отургузуу ишинде өнөктөш катары Кыргыз-Түрк “Манас” университетин тандадык. Себеби дал ушул окуу жайдын көчөттөрдү отургузуу ыкмасы аябай жакты. Анткени окуу жайдын өзүнүн буга чейин дарактарды отургузган чоң паркы бар. Окуу жай дарактарды отургузууга өтө жоопкерчилик менен мамиле кылып, алдынкы делинген тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонушат. Ошондой эле дарактардын абалы, боюна көзөмөл жүргүзүшөт.

Экинчиден, бул сейил бак келечекте окуу жайдын эмгек жамааты, студенттери үчүн гана эмес, жакын аймакта жашаган тургундар үчүн дагы жеткиликтүү болот”, - дейт ал.


Coca-Cola Memorial Forest багынын ачылышы Жердин эл аралык күнүн (22-апрель) белгилөө жана “Дүйнө акыр-чикирсиз” глобалдык демилгесинин алкагында уюштурулду. Иш-чара коомдук жайларды жашылдандыруу жана жагымдуу микроклиматты түзүү максатында өткөрүлдү. Жашыл мейкиндиктердин көп болушу кычкылтектин бөлүнүп чыгышын, абанын температурасын жөнгө салып, токсиндерден тазаланышын жана жагымдуу микроклиматты камсыздайт.


Иш-чарага Coca-Cola Кыргызстан компаниясынын өкүлдөрү, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жетекчилиги, эл аралык уюмдар, экологиялык кыймылдар, бизнес-ассоциациялар, Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги, блогерлер жана студенттер катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: