super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев депутаттарды кызматтык унаадан ажырата турган мыйзам долбоор сунуштап жатат

 

Жогорку Кеңеште депутат Өмүрбек Текебаев депутаттарга кызматтык унаанын берилишине тыюу салып, депутаттарды бир гана жардамчы алууга милдеттендире турган мыйзам долбоор сунуштоодо. Мыйзам долбоору бүгүн, 27-ноябрда талкууланды. “Биз эмес, экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө деле депутаттарга кызматтык унаа берилбейт” ,- деди Текебаев.  

Ошондой эле депутаттар бирден гана жардамчы алмакчы. Эгер кошумча жардамчы алса, аларга мамлекеттин эсебинен айлык төлөнбөйт. Мыйзам кабыл алынып калса, бюджеттен болжол менен 133 миллион сом үнөмдөлүшү күтүлүүдө. 

Мыйзамга депутат Кожобек Рыспаев каршы чыкты. “Бизди европанын өнүккөн өлкөлөрү менен салыштырууга болбойт. Менталитет башкача. Депутат велосипед менен жумушуна келе жатса көчөдөн бирөө чокусуна бир уруп, тоноп кетиши мүмкүн. Анын чекесине “депутат” деп жазылып туруптурбу? Депутат эл менен жолугушууларга барат, унаа керек. Ошондуктан кыскартууну Жогорку Кеңештен эмес, башка жактан баштоо керек”,- деди Рыспаев.

Ал эми Алтынбек Сулайманов бул ишти өкмөттөн баштоо зарыл деген ойдо. “Өкмөттө ар бири жип минип жүрүшөт. Бөлүм башчылары деле жипте, облус башчыларында бир эмес, экиден кымбат унаалар бар. 400дөн ашык айыл өкмөт башчыларында бирден унаа. Ушуларды кыскартса болот”,- деди Сулайманов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: