super.kg logo

Жалал-Абадда "Мыкты мугалимге" унаа тапшырылды (сүрөт)

 

Жалал-Абад шаарында бүгүн “Жылдын мыкты мугалими - 2022” кароо-сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат борборунан билдиришти.

Сынактын баш байгесине коюлган унааны жана Ысык-Көлгө 20 күндүк жолдомону Бекмамат Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясынын химия мугалими, 29 жаштагы Максат Абилов жеңип алды. Ага автоунаанын ачкычын шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев тапшырды.

Баш байгени жеңип алган Максат Абилов 6 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келет. Бул убакыт аралыгында анын 11 окуучусу предметтик олимпиаданын шаардык баскычында алдынкы орунду камсыз кылса, алардын ичинен экөө облустук олимпиадада байгелүү орунду камсыздаган.

Максат Абилов эми “Жылдын мыкты мугалими - 2022” сынагынын облустук баскычында Жалал-Абад шаарынын намысын коргойт.

Белгилей кетсек, “Жылдын мыкты мугалими - 2022” кароо-сынагына жергиликтүү бюджеттен 800 миң сом акча каражаты бөлүнүп, байгеге автоунаадан сырткары автоматтык кир жуучу машина, ноутбук жана планшеттер коюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: