super.kg logo

Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Жээнбек Кулубаев эмгек жааматка тааныштырылды

 

Бүгүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Жээнбек Кулубаев эмгек жааматка тааныштырылды. Бул туурасында министрлер кабинетинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Кулубаевди эмгек жааматка министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев тааныштырды.

Ошондой эле Кожошев жаңы министрдин дипломатиялык кызматтагы жогорку кесипкөйлүгү жана тажрыйбасына оң баа берип, анын жогорку квалификациясы мамлекеттин тышкы саясатын системалуу жүргүзүүгө өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Жээнбек Кулубаев республиканын жогорку жетекчилигине ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары министрликтин жамааты менен биргеликте ага артылган үмүттү актоого бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын кошумчалады.

Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Жээнбек Кулубаевдин өмүр баяны.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: