"Тазалыктын" кызматкери кызынын операциясы үчүн кайрымдуу элден жардам сурайт

Мэриядан билдиришкендей, Сүйүнбек Кочкорбаев "Тазалыкта" 8 жылдан бери иштейт.
"Кызым ооруп, ушундан улам бөйрөгү начарлап, тез арада эки бөйрөгүн алмаштыруу керек болууда. Нурзат биздин жалгыз кызыбыз. Ооруганына карабай иштеп, коомго пайда алып келүүгө аракет көрүп келет. Кызым абдан жаш, жогорку билимге ээ болгон. Өз жашоосу үчүн күрөшүүгө каалоосу күч.
Өзүм пенсионермин. Үй-бүлөбүз менен бардык күчүбүздү жумшаганыбызга карабай операцияга кетчү каражат көп болууда.
Бир нече жыл мурун кызымдын ден соолугуна байланыштуу Бишкекке келгенбиз. Кызымды сактап калууга жардам бериңиздер", - деген Кочкорбаев.
Учурда Нурзат кымбат баалуу гемодиализ (канды тазалоо) процедурасынан өтүп жатат. Бирок толук айыгып кетүү үчүн операция керек. Анын баасы 20 миң долларды түзөт.
Реквизиттер:
Оптима: 4169585359527552;
kicb: 9417018573346673;
элсом: 0505 421 388 Сүйүнбек Кочкорбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:06
2025-08-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.