super.kg logo
  Спорт  

Эрназар Акматалиев Азия чемпиондугунда күмүш медаль жеңип алды

 

Мекендешибиз Эрназар Акматалиев Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда күмүш медаль тагынды.

Ал финалдык баскычта япониялык Таиши Нарикуни аттуу балбан менен күч сынашып, беттеш 3:3 эсебинде бирдей упай менен жыйынтыкталды. Мындан улам эреже боюнча акыркы упайды иштеп тапкандыгы үчүн жеңиш япониялык балбанга ыйгарылды.

Белгилей кетсек кыргыз балбаны финалга чейинки баскычтарда индиялык Навин Навин жана жергиликтүү Темуулен Энхтуйа аттуу балбандарды жеңген.

Бул Азия чемпиондугунда өлкө намысын коргоп жаткан улуттук курама команданын капчыгындагы он биринчи медаль. Буга чейин грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Тынар Шаршенбековдор алтын медаль тагынса, Үзүр Жусупбеков, Роман Ким жана Адилхан Нурланбековдор коло байгени камсыздаган.

Ошондой эле, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы алтын, Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болушкан. Ал эми бүгүн эркин күрөштөн алгачкы коло байгеге Алмаз Сманбеков ээ болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: