Атаандашы жаракат алып... Арсалан Будажапов Азия биринчилигинде коло байгеге ээ болду
Мекендешибиз Арсалан Будажапов Улан-Батордо өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда коло медаль тагынды. Ал коло байге үчүн болгон чечүүчү беттеште түркмөнстандык Гурбанмурат Овезбердиев менен күч сынашмак. Бирок каршылашы алган жаракатына байланыштуу беттешке чыкпагандыгы үчүн жеңиш кыргыз балбанына ыйгарылды.
Белгилей кетсек, Арсалан Будажапов буга чейин чейрек финалда кореялык Бумгуэ Сео аттуу балбанды 11:0 эсебинде ишенимдүү түрдө жеңип алган. Ал эми жарым финалдык баскычта тилекке каршы индиялык Балийан Гоуравга жеңишти алдырып жиберген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.