super.kg logo

Ошто баңгизат сатууга шектелген жаран кармалды. Ал соттун чечими менен үй камагына чыкты

 

Ош шаарында милиция кызматкерлери тарабынан баңги заттарды сатып жүргөн жаран кармалып, үй камагына чыкты. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-апрель күнү Кара-Суу районунун тургуну, мурда издөөдө жүргөн 1987-жылы туулган Г.К. кармалган. Шектүүнүн кылмышын далилдөө максатында милиция кызматкерлери 3 ирет гашиш баңги заттарын кардар иретинде алышып, экспертизага берген.

"Үч учурда тең экспертиза алардын гашиш баңги заты экендигин аныктады. Андан соң анын үйүн тинтүү жүргүзгөндө 675 грамм гашиш, 125 грамм опий наркотикалык заты чыкты.

Ал буга чейин бир нече жолу соттолгон.

Шектүүнүн баш коргоо чарасын 22-апрелде Ош шаардык соту карап, жыйынтыгында судья Темирбек Курманбеков тарабынан үй камагына чыкты", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: