super.kg logo

"Алтын Балалык" реабилитациялык борборунун расмий ачылышы 1-июнда болору мерчемделүүдө

 

Бүгүн, 23-апрель күнү саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында, "Алтын Балалык" реабилитациялык борборуна барды.

Анда министр комплекстин иштери дээрлик бүтүп калгандыгын белгиледи.

"500 орунга ылйыкталган комплекстин курулушу 1998-жылы башталып, 2005 жылы революциядан улам курулуш иштери токтоп калган.

Президент Садыр Жапаров менен барганыбызда курулушту бүтүрүп, ишке киргизүүгө тапшырма берген. Ошол учурда эки компания келип, бири 20 миллион долларга, экинчиси 25 миллион долларга бүтүрүп беребиз деген. Бирок бюджетте каражат жок болгондуктан президент мени чакырып, демөөрчүлөрдүн жардамы менен бүтүрүүнү суранган. Алар колдон келишинче жардам беришти. Бирок уулдарым, Бакыт, Марик жана "Париж" курулуш компаниясынын жетекчилери коттедждерин сатып, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатышат. Алар мындай аракетке кыргыз элине белек кылуу максатында барышты", - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

"Ошондой эле Кумтөрдөн 1 миллион 200 миң доллар бөлүнгөн. Бул каражаттар ангиографиялык жана башка жабдууларды сатып алууга жумшалды.

27-майда 400 баланы лагерге алып келебиз. 7-8 класстагы 2400 бала үч ай бою бекер эс алышат. Бейтаптарды дарылоо үчүн 130 орун бар. 1-июнда расмий ачылышы болот", - деп кошумчалады ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: