Өлкөдө эл жана турак жай фондун каттоонун экинчи этабы башталды
Өлкөдө 23-апрелден 2-майга чейин эл жана турак жай фондун каттоонун экинчи этабы өтөт.
Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, анын жүрүшүндө алыскы жана жетүүгө кыйын болгон региондордун калкы кайрадан катталат.
Республиканын 15 районунда 116 калктуу пункт бар. Каттоо, биринчи этаптагыдай эле электрондук форматта болот. Ошол эле учурда 23-апрелден 2-майга чейин калктын контролдук каттоосу өткөрүлөт.
"Кандайдыр бир себептерден улам каттоодон өтпөгөн адамдар чалуу борборуна 1216 номери боюнча кайрыла алышат. Операторлор арызды кабыл алышат жана территориалдык каттоо бөлүмдөрүнө жөнөтүшөт" деп айтылат маалыматта.
Кошумча WhatsApp номерлерине жазса болот: +996 (502) 159 815, +996 (999) 183 020.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:06
2025-08-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.