Айгүл гүлүнүн кооздугу сүрөтчүнүн көзү менен (фото)
Баткендин символу болгон дүйнөдө сейрек кездешүүчү гүлдөрдүн катарына кирген Айгүл гүлү гүлүн ачып турган кези. Сүрөтчү Зафер Динчер социалдык тармактагы баракчасына аталган гүлдүн кооздугун чагылдырган сүрөттөрүн бөлүштү.
Гүлдүн илимий аты - эдуард чаар гүлү, жыл мезгилинин апрель айында 10-15 күнгө гана гүл ачып турат. Бийиктиги 30 сантиметрден 2 метрге чейин жетет.
Кошумчалай кетсек, бул өсүмдүк Кыргыз өлкөсүнөн башка Ооганстан тоо кыркаларында өсөт.
Айгүл гүлүнүн таржымалы шилтемеде.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:06
2025-08-13
Рейтинг:
13

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.