super.kg logo

Түркмөнстандын президенти Кадыр түндүн урматына 514 соттолгон адамга ырайым кылды

 

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кадыр түндүн урматына соттолгон 514 адамга ырайым кылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы кол койду.

Ошондой эле ал Түркмөнстандын коргоо министри Бегенч Гундогдыевге укук коргоо органдарынын жетекчилери менен бирдикте ырайым кылынгандардын бошотулушу жана алардын жакын арада үйлөрүнө чыгарылышы боюнча зарыл иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

"Ырайым кылуу актыларын үзгүлтүксүз жүргүзүү менен биз жасаган кылмышына чын жүрөктөн өкүнгөн адамдарга ак ниет эмгеги менен күнөөсүн жууп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө активдүү катышууга мүмкүнчүлүк түзөбүз", - деп билдирген өлкө башчы.

Белгилей кетсек, Түркмөнстанда ырайым кылуу акциялары 1999-жылдан бери ишке ашырылып келет. Өлкөдө мындай акциялар жылына 3-4 жолу өткөрүлүп, негизги мамлекеттик майрамдарга карата уюштурулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: