super.kg logo

Франциядагы президенттик шайлоодо Эммануэль Макрон жеңишке жетти

 

Франциянын президенти Эммануэль Макрон президенттик шайлоодо жеңип чыгып, кайрадан экинчи мөөнөткө шайланды. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары жазышты.

Макрон президенттик жарыштын экинчи турунда шайлоочулардын 58,2 пайыз добушуна ээ болду. Ал эми анын негизги атаандашы "Улуттук биригүү" партиясынан талапкер айым Марин Ле Пенге 41,68 шайлоочу добуш бергени маалымдалды.

Дүйнөлүк басылмалар жазгандай, Ле Пен шайлоодогу жеңилишин кабылдап, парламенттик шайлоо үчүн күрөш жүргүзөрүн билдирди. Ошондой эле ал 5 жыл мурунку президенттик шайлоодо алган добушу 35 пайызга жетпей калганын баса белгилеп, бул жолку көрсөткүчтү "мен үчүн жаркыраган жеңиш" деп атады.

Эммануэль Макрон Францияда 20 жылдан бери алгачкы жолу экинчи мөөнөткө шайланган президент болуп калды. Тактап айтсак, 2002-жылы мамлекет башчысы Жак Ширак экинчи президенттик жарышты жеңип алган.

Учурда Франциянын айрым жерлеринде шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митингдерди өткөрүп жатканы айтылууда. Ал эми Макрон эл алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө жаңы мөөнөтү мурдагысына окшобой турганын билдиргени кабарланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: