super.kg logo
  Спорт  

Валерий Кичин ойногон "Енисей" клубу Орусия Кубогунда жарым финалга чыкты

 

Кыргыз футболчусу Валерий Кичин ойногон "Енисей" клубу өз тарыхында алгачкы жолу Орусия Кубогунда жарым финалга чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн спорт басылмалары маалымдады.

Башкы машыктыруучу Вадим Гараниндин командасы чейрек финалда "Рубин" клубу менен кез келип, 3:1 эсебинде жеңишти камсыздады. Ал эми 1/8 финалдык баскычта "Локомотивди" конокто 4:0 эсебинде утуп алган. Эми алар 11-майда өтө турган жарым финалда "Спартак Москва" клубу менен күч сынашат. Ал эми экинчи болуп жарым финалга чыккан "Динамо Москванын" атаандашы азырынча аныктала элек.

Белгилей кетсек, Валерий Кичин Кыргыз улуттук курама командасынын капитаны. Ал 2020-жылдан бери Красноярск шаарынын намысын коргогон "Енисей" клубунда оюн алып барып келет. Мекендешибиз Орусиянын улуттук лигасында быйылкы сезонунда жалпы 23 беттеш өткөрүп, 5 гол киргизүүгө жетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: