super.kg logo

Ак-Босогодо өрт өчүрүүчү унаа ала салып кетти. ӨКМ эмне дейт? (видео)

 

Бишкектеги Ак-Босого жаңы конушунда өрт өчүрүүчү унаа жеңил унаа менен кагышып, ала салып кеткен видео социалдык тармактарга тарады.

Өз кезегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул боюнча маалымат таратты. Министрликтин билдиришинче, унаа Ак-Босогодогу Чүй-6 көчөсүндө өрттөнүп жаткан турак үйдү өчүрүүгө шашылыш бара жаткан.

"Кечээ, 24-апрелде саат 20:00 чамасында Биринчи Май районунун Ак-Босого жаңы конушунун Чүй-6 көчөсүндө турак жай өрттөнүп жаткандыгы тууралуу чакыруу түшкөн.

Кырсык катталган жерге Свердлов районунун №2 өрт-куткаруу бөлүгүнөн ыкчам куткаруучулары дароо чыгышкан.
Өрт чыккан дарекке шашылыш чыккан өрт өчүрүүчү эсептик бөлүмүнүн атайын унаасы жеңил унаа менен кагылышып кырсыкка кабылды.

Адистештирилген өрт өчүрүүчү унааны атайын үн сигналы жана маяк менен айдап бара жаткан айдоочу жол бербеген жеңил унаа менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен атайын өрт өчүрүүчү унаа капталына ала салып, үч өрт өчүрүүчү жабыркаган.
Эскерте кетсек, белги берүүчү маяк жана атайын үн сигналы бар унаалардын бардык өлкөлөрдүн жол кыймылынын эрежелери тарабынан жалпы жол эрежесинен бир катар өзгөчөлүктөр менен камсыз кылынган. Атап айтканда, кимдир бирөөнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн жол чырагынын белгилерине карабай өтүү укугу берилген", - деп билдиришти ӨКМдан.






Өрт өчүрүүчү унаа ала салып кетти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: