super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдөгү айыл чарба продукцияларын чет жакка чыгарууда жаралган көйгөйдүн себеби аталды

 

Жогорку Кеңеште Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат.

Анын жүрүшүндө депутат Алишер Эрбаев сөз сүйлөп, чет жакка чыга турган өсүмдүк продукцияларына Айыл чарба министрлиги жазып берген фитосанитардык сертификаттарды Орусия, Казакстан сыяктуу мамлекеттер тааныбай жатканы боюнча суроо узатты.

"Маалымат каражаттарынан карагыла. Жакында эле күрүчтү, картошканы жана башка өсүмдүктөрдү токтотту. Орусия, Казакстанга кирип бара жаткан жерден артка кайтарды деп жазып жатышат", - деди.

Айыл чарба министрлигинин өкүлү чет жакка айыл чарба продукцияларын чыгарууда чыккан көйгөйлөрдүн себебин айтты.

"Артка кайтарылган жок. Алар өздөрүнүн фитосанитардык талаптарына ылайык текшерүүлөрдү жүргүзүп, анан өз аймагына киргизет. Бул убакыт талап кылган нерсе. Кээде фитосанитардык талаптар сакталбай калышы мүмкүн. Анткени биз сертификатты тийиштүү продукцияларга гана жазып беребиз. Ал эми айрым айдоочулар өздөрүнө керектүү башка продукцияларды да салып алып жатышат. Мындан улам чек арадан фитосанитардык сертификаты көрсөтүлбөй калып, ар түрдүү кыйынчылыктар жаралууда", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: