Медицина кызматкерлеринин маяналары 50 пайызга чейин көбөйдү. Кимге канча кошулат?
1-апрелден тарта саламаттыкты сактоо тутумундагы иштеген кызматкерлердин маяналары орточо 50 пайызга чейин жогорулатылды. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен таратышты.
Ага ылайык, кызматкерлер жогорулатылган маяналарын 25-апрелден баштап ала баштайт. Бардык кошумча акылар (айыл жерлери, бийик тоолуу аймактар, илимий даражалар, эмгек стажы, категориялар) сакталып, маянага кошулат.
Кошумча каражат кызматкердин эмгек стажысына карата кошулат:
5 жылдан 10 жылга чейин - 10 пайыз;
10 жылдан 15 жылга чейин - 20 пайыз;
15 жылдан көп иштегендер - 30 пайыз.
Эскертүү: Кенже тейлөөчү персоналдардан тышкары.
Квалификациялык категория боюнча көбөйтүлгөн каражат төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:
- жогорку квалификациялык категория - 50 пайыз;
- I квалификациялык категория – 30 пайыз;
- II квалификациялык категория – 10 пайыз.
- I квалификациялык категория – 30 пайыз;
- II квалификациялык категория – 10 пайыз.
Эскертүү: Саламаттыкты сактоо уюмдарынын кызматкерлерине квалификациялык категория ыйгаруу аттестациянын негизинде жүргүзүлөт. Саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерин, адистерин аттестациялоо Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилген аттестациялоону жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
Толук эмес жумуш убактысынын категориясы боюнча үстөк акы айкалыштырылган кызматтын категориясын эске алуу менен төлөнөт.
Мисалы:
1) айылдык ооруканада 6 жылдык стажысы бар, бирок квалификациялык категориясы жок дарыгер 9001 сом маяна алса, эми 13 518 сомдун тегерегинде айлык алат. (Эмгекке катышуу коэффициентин эсепке албастан).
2) жогорку квалификациялык категориясы бар, 17 жылдык стажысы менен эмгектенген дарыгердин маянасы 14 252 сом болсо, жогорулатылган айлыгы 21 403 сомдун тегерегинде болот. (Эмгекке катышуу коэффициентин эсепке албастан).

3) шаардык поликлиникада иштеген, стажысы жана квалификациялык категориясы жок жаш үй-бүлөлүк дарыгер 10 миң сом айлык алса, эми 15 136 сомдун тегерегинде маяна алат. (Эмгекке катышуу коэффициентин эсепке албастан).
4) айыл жергесинде жогорку квалификациялык категориясы жана 17 жылдык стажысы бар үй-бүлөлүк дарыгер 19 миң сом маяна алса, эми 28 миң 758 сомдун тегерегинде айлык алат. (Эмгекке катышуу коэффициентин эсепке албастан).

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:06
2025-08-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.