Кызыл-Кыяда 4 ата-энеге айып пул салынды





Кызыл-Кыя шаарында ата-энелик милдеттен качуу беренеси боюнча 4 ата-энеге айып пул салынды. Бул туурасында Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, милиция кызматкерлери "Селсаяк" иш-чарасын өткөрүп, базарларда, чоң соода борборлордо тилемчилик кылып жүргөн, туруктуу жашаган жери жок жер төлөлөрдө жашап жүргөн, кароосуз калган жарандар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүштү. Өз алдынча мектепке барбай көчөлөрдө, базарларда, интернет клубдарда жүргөн мектеп окуучулары аныкталып, балдар менен иштөө инспекторлору тарабынан 24 сунуш мектептерге жөнөтүлдү. Ошондой эле шаар аймагындагы коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында милиция кызматкерлери тармактар боюнча иш алып барышты.
Рейддин жыйынтыгында жалпысынан Укук бузуу жөнүндө кодекстин негизинде 55 протокол түзүлүп, анын ичинен 4 протокол ата-энелик милдеттерден качуу беренеси боюнча түзүлүп, айып пулдар салынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:06
2025-08-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.