super.kg logo

Интерпол издеп жаткан дагы бир чет элдик жаран Бишкектен кармалды (фото)

 

Кытайдан 200 миллион юань суммасындагы депозитти ачып, качып кетип издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 2013-жылы Кытайдан Кыргызстанга келген 1971-жылы туулган Чж.Ч. аныкталган. Ал 2014-жылдан бери Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн жана расмий органдарга өзүнүн келгендигин мыйзамдаштыруу үчүн кайрылган эмес.

Жогорудагы жаран Пекин шаарындагы компаниялардын биринин башкаруучусу кезинде, тагыраагы 2013-жылдын март айында алдоо жана каржы пирамидасын түзүү жолу менен 200 000 000 юань суммасындагы депозитти алып чыгып, белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен.

"Бул факты боюнча чет элдик шектүүгө карата Интерпол эл аралык уюмунун багыты боюнча эл аралык издөө жарыяланган.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасындагы Интерпол улуттук борбордук бюросу менен биргеликте жүргүзүшкөн иш-чаралардын жүрүшүндө, 2022-жылдын 19-апрель күнү Бишкек шаарынын аймагынан Кытайдын 1971-жылы туулган жараны Чж.Ч. кармалган", - деп билдиришти ИИМден.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Чж.Ч.га карата №1 тергөө абагына 1 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Азыркы учурда мындан аркы ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүүдө. Башкы прокуратура аны өз өлкөсүнө эсктрадициялоо тууралуу маселени карап жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: