Шаардык мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт, ошондой эле калкты жана мекемелерди ичүүчү суу камдап алууларын суранат.
28-апрелде Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт
Бишкекте 28-апрель күнү айрым райондордо суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаанын айрым райондорунда 28-апрелде саат 9:00дөн 20:00гө чейин таза суу берүү токтотулат.
Анда Сарбан, Жал, Кашкабаш айылдарында, Жогорку Орок, ТЭЦ-2 конуштарында, 105-контурдун батыш бөлүгүндө, мп. «Достук» жана жаңы Селекция районунда суу болбойт.
Ошондой эле Ак-Ордо конушунда (Ахунбаев көчөсүнүн түштүк жана түндүгүндө) жана Өмүр көчөсүнүн түштүк тарабында дагы суу өчүрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:06
2025-08-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.