super.kg logo
  Спорт  

Азия чемпиондугуна катышкан кыз-келиндер боюнча улуттук курама команда Бишкекке келди (фото)

 

Бүгүн, 25-апрелде Улан-Батордо өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугуна катышкан кыз-келиндер боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Бишкекке келди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Аларды Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Нурланбек Исмаилов, Күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти Дамирбек Асылбек уулу, спортчулардын ата-энелери, туугандары жана достору тосуп алышкан.

Эскерте кетсек, Азия чемпиондугунда Айпери Медет кызы алтын медаль жана Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова күмүш байгенин ээси болушту.

Балбандар улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев жана башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: