Кара-Суу районунда сел жүрүп, унаа жол жабылды
Ош облусунун Кара-Суу районунда сел жүрүп, унаа жол убактылуу жабылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 25-апрель күнү саат 9:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулар Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунун болжол менен 40-44 чакырым аралыгын каптаган.
"Саат 11:10го карата жол бир тараптуу ачылып, унаалар өткөрүлүп жатат. Учурда жолду тазалоо иштери уланууда, иш-чарага кошумча грейдер тартылат. Учурда каттам эки тараптуу жабык", - деп айтылат маалыматта.
Кара-Суу районунда селден улам унаа жолу жабылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:06
2025-08-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.